БАТБ конференциясы - 2010

Урматтуу коллегалар!

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети "Биомаданий ар түрдүүлүк борборун түзүү" долбоорунун алкагында 2010-жылдын 7-8-октябрында Кристенсен фондунун (АКШ) финансылык колдоосу менен  "Салттуу билимдер коомдун туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө" аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлгөн.

Кыскача маалымат: "Салттуу билимдер коомдун туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө" аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция салттуу билимдерди сактап жүрүүчүлөр, алдынкы окумуштуулардын катышуусунда болуп өткөн буга чейинки тегерек стол, семинарлардагы талкуулардын жыйынтыктарына негизделет.  Талкууда кыргыз элинин салттуу билимдерин сактоо, билим берүү, илим айдыңына алып чыгуу жана аларды коомдун туруктуу өнүгүшүндө жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдаланууну жаш муундар арасына жайылтуу, ошондой эле, мал чарбачылык, багбанчылык, талаачылык жана адамдын жаратылыштагы ордуна тиешелүү суроолор каралган.

Конференциянын максаты: Салттуу билимдерди заманбап илим жана билим берүү алкагында адистердин илим-изилдөө, билим берүү ишиндеги жаңы мамилелеринин жетишкендиктери аркылуу сактоо жана жайылтуу.

Талкууланган суроолор: этнобатканика, элдик малчылык, элдик тамак-аштарды даярдоо, эколология  жана материалдык, руханий маданият багытындагы салттуу билимдер.

Конференцияда секциялар түзүлгөн:

  1. Жаратылыш жана айыл чарбасынын заманбап өнүгүшү
  2. Элдин материалдык жана руханий маданияты: салттар жана азыркы заман.
  3. Билим берүү жана тарбиялоодо салттуу билимди интеграциялоо

Өткөрүү мөөнөтү: 7- 8-октябрь 2010-жыл.

Өткөрүү орду: К.И.Скрябин атындагы КУАУнун башкы имараты, III кабат, жыйындар залы

Дареги: 720005, Бишкек ш, Медеров көчөсү, 68;

Тел. +996 (312) 54 52 10; 54 52 41; 46 66 73;

Факс. +996 (312) 54 05 45; Эл. почтасы: cbd-knau.kg@rambler.ru 

 

ЖAНЫЛЫКТАР
25.04.2015: 2015-жылдын 24-апрелинде КУАУ III Билим фестивалы болуп өттү.
 »


14.04.2015: 2015-жылдын 13-апрелинде КР Жогорку Кеӊештин депутаты К.О.Осмоналиев борборду (БАТБ) көрүп кетти.
 »


07.04.2015: 2015-жылдын 6-апрелинде КУАУда сүрөт-көргөзмөсү болуп өттү.
 »



ИНФОРМЕРЛЕР


Кыргызстандагы аба ырайы
 
Валюталардын курстары