Тегерек стол, март, 2012

Урматтуу кесиптештер!

2012-жылдын 16-17-мартында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Биомаданий ар түрдүүлүк борбору Кристенсен фондунун (АКШ) колдоосу менен "Биомаданий ар түрдүүлүк борборун өнүктүрүү" долбоорунун алкагында "Салттуу билимдер боюнча дисциплина аралык окуу курсунун программасын жакшыртуу жана окутуучулар үчүн окуу колдонмосун иштеп чыгуу" деген темада тегерек стол өткөрүлдү.

Тегерек столдун максаты: "Салттуу билимдер боюнча дисциплина аралык курстун түзүлүшү жана окутуу методикасы" деген темада мурда өткөрүлгөн семинарга негизделет. Ошондой эле, "Салттуу билимдер боюнча мугалимдер үчүн Окуу колдонмосун" даярдоо жана иштеп чыгуу тууралуу пикир алмашуу жүргүзүлөт.

Тегерек столдун катышуучулары: университеттин окутуучулары, методисттер, Биомаданий ар түрдүүлүк борборунун кызматкерлери жана Кристенсен фондунан грант алуучулар

Иштин жүрүшүндө тегерек столдун катышуучуларын КУАУнин Биомаданий ар түрдүүлүк борбору тамак-аш жана жол кире менен камсыз кылат.

Байланышуу дареги:

e-mail: bdc-knau.kg@mail.ru, cbd-knau.kg@rambler.ru

Байланыш телефону: +(996 312) 54 41 35

 

Урматтоо менен,
БАТБ КУАУ

 ___________________________________________

ЖAНЫЛЫКТАР
25.04.2015: 2015-жылдын 24-апрелинде КУАУ III Билим фестивалы болуп өттү.
 »


14.04.2015: 2015-жылдын 13-апрелинде КР Жогорку Кеӊештин депутаты К.О.Осмоналиев борборду (БАТБ) көрүп кетти.
 »


07.04.2015: 2015-жылдын 6-апрелинде КУАУда сүрөт-көргөзмөсү болуп өттү.
 »



ИНФОРМЕРЛЕР


Кыргызстандагы аба ырайы
 
Валюталардын курстары