Тегерек стол, октябрь, 2011

Урматтуу кесиптештер,

2011-жылдын 3-октябрында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети Кристенсен Фондунун финансылык колдоосу менен "Биомаданий ар түрдүүлүк борборун өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруу алкагында "Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн туруктуу модели" аттуу тегерек стол өткөрүлгөн.

Өткөрүү орду: «Кой-Таш» комплекси  (Чүй облусу, Аламедин району, Кой-Таш айылы).

Тегерек столдун максаты: агробио ар түрдүүлүктү сактоо жана көбөйтүү максатында  салттуу методдун жардамы аркылуу жерди иштетүү багытында иш алып барган окумуштуулар  менен фермерлердин байланышын күчөтүү.

Эл аралык эксперт: эколог  Умберто Риос (Куба);

Тегерек столдун катышуучулары: окутуучулар, жергиликтүү эксперттер, фермерлер,  Биомаданий ар түрдүүлүк борборунун кызматкерлери, кызыккан ишкерлер,  Кристенсен Фондунан грант алуучулар. Катышуучулардын жалпы саны 15 кишиге жакын болоору болжолдонууда.

Иштин жүрүшүндө тегерек столдун катышуучуларын КУАУнун Биомаданий ар түрдүүлүк борбору тамак-аш жана жол кире менен камсыз кылат.

Байланышуу дареги: e-mail: bdc-knau.kg@mail.ru, cbd-knau.kg@rambler.ru

Сурап билүү үчүн телефон: +(996 312) 54 41 35

Тегерек столдун болжолдуу программасы 2 беттен турат.

 

Урматтоо менен,

Биомаданий ар түрдүүлук борбору.

 _________________________

ЖAНЫЛЫКТАР
25.04.2015: 2015-жылдын 24-апрелинде КУАУ III Билим фестивалы болуп өттү.
 »


14.04.2015: 2015-жылдын 13-апрелинде КР Жогорку Кеӊештин депутаты К.О.Осмоналиев борборду (БАТБ) көрүп кетти.
 »


07.04.2015: 2015-жылдын 6-апрелинде КУАУда сүрөт-көргөзмөсү болуп өттү.
 »



ИНФОРМЕРЛЕР


Кыргызстандагы аба ырайы
 
Валюталардын курстары