Тегерек столдун жынтыгы боюнча отчет

«Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн туруктуу модели» аттуу тегерек столу
Чүй областы, Аламедин району,  Кой Таш айылы,
«Кой Таш» комплекси, 3 октябрь 2011-ж.

2011-жылдын 3-октябрында К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети Кристенсен Фондунун финансылык колдоосу менен "Биомаданий ар түрдүүлүк борборун өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруу алкагында Чүй облусунун Кой-Таш айылында "Айыл чарбасын өнүктүрүүнүн туруктуу модели" аттуу тегерек столу болуп өттү. Программага 90-жылдар аралыгындагы социалисттик өлкөлөрдүн кыйрашынан кийинки Кубадагы айыл чарбасынын кайра түзүлүшүнүн моделин талкууга арналган 3 тегерек стол:

  • Кыргыз улуттук агрардык университетинин Биомаданий ар түрдүүлүк борборунун кызматкерлери менен биргеликте
  • Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттери менен биргеликте
  • Тажикстандын Исмаил борборунда айыл чарбасын улуттук жана эл аралык өнүктүрүүгө кызыктар тараптар менен биргеликте өткөрүлдү. Мындан тышкары, Тажикстанда эки талаа иш сапары менен коштолду.

Жалпысынан тегерек столдун бардык катышуучулары Кубалык тажрыйбаны чагылдырган презентацияга көз салышты.

Жергиликтүү билимге жана агробио ар түрдүүлүккө байланышкан белгилүү бир баамдоолор бар, бирок бүгүнкү күндө  да адистер тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча тажрыйбалык иштер жүргүзүлүп келет.

Бир катар жаштар Кубалык тажрыйбаны чагылдырылган презентацияны көрүүгө кызыгышты.

ФАОнун, Айыл чарба секторунун, Тажикстандын жана Кубалык тажрыйбанын азык-түлүктү сатуу коопсуздугуна карама-каршы келген презентациялары көңүл бурууга аргасыз кылды.

Аны менен бирге тегерек столдо Доктор Умберто Риос 2011-жылдын 1-октябрынан 10-октябрына чейин болгон өзүнун Борбордук Азияга (Кыргызстан жана Тажикистан) болгон иш сапары жөнүндө айтып кетти.

 

БАТБ КУАУ

 

ЖAНЫЛЫКТАР
25.04.2015: 2015-жылдын 24-апрелинде КУАУ III Билим фестивалы болуп өттү.
 »


14.04.2015: 2015-жылдын 13-апрелинде КР Жогорку Кеӊештин депутаты К.О.Осмоналиев борборду (БАТБ) көрүп кетти.
 »


07.04.2015: 2015-жылдын 6-апрелинде КУАУда сүрөт-көргөзмөсү болуп өттү.
 »



ИНФОРМЕРЛЕР


Кыргызстандагы аба ырайы
 
Валюталардын курстары