Алтын күз конкурсу - 2012

 

СТУДЕНТТИК ФАКУЛЬТЕТТЕР АРАЛЫК КАРОО-СЫНАК

Урматтуу кесиптештер!

2011-жылдын 30-сентябрында "Биомаданий ар түрдүүлүк борборун өнүктүрүү" долбоорунун алкагында Биомаданий ар түрдүүлүк борборунун алдында түзүлгөн «Мураскер» студенттик клубунун демилгеси менен КУАУнун башкы имаратынын алдында кыргыз элинин салттуу маданиятын жандандырууга арналган факультеттер аралык студенттик «Алтын-күз» улуттук тамак-аштарынын кароо-сынагы өткөрүлдү. Кароо-сынак Кристенсен фондунун (АКШ) финансылык колдоосу аркылуу ишке ашты.

Кароо-сынактын максаты: студенттерди мекенчилидикке, ошондой эле, кыргыз элинин тарыхын, салт-санаасын, үрп-адатын, маданиятын терең үйрөтүү.

Кароо-сынакка төмөнкүдөй талаптар коюлду:

  • ун азыктарынан жасалган;
  • эт азыктарынан жасалган;
  • сүт азыктарынан жасалган;
  • дан азыктарынан жасалган тамак-аштар
  • улуттук суусундуктар.

Кароо-сынакта унутулуп бара жаткан "чөбөгө", "жупка", "уй кымыз", "гүлазык", "бадырак" өңдүү улуттук тамак-аштар жаштардын кызыгуусун арттырды.

Кароо-сынакка КР Президентине караштуу улуттук тил комиссиясынан, (Түмөнбаева Ч.Т.), Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинен (Алымабаева А.К.) өкүлдөр конок катары чакырылды, ошондой эле, КУАУнун жетекчилиги (КУАУнун ректору Нургазиев Р.З., проректорлор: Иргашев А.Ш., Батаканова С.Т., Шергазиев У.А., Чортонбаев Т.Ж. ), факультеттин декандары, окутуучулар жана студенттер катышты.

Кароо-сынактын жүрүшүндө көз карандысыз калыстар тобу иштеди.

  1. Батаканова С.Т. - КУАУнун Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору - калыстар тобунун төрайымы;
  2. Кармышева Ү. Ж. - И.Арабаев атындагы КМУнун Биоартүрдүүлүк кафедрасынын улуу окутуучусу
  3. Нурманбетова А. Т. -  И.Арабаев атындагы КМУнун Биоартүрдүүлүк кафедрасынын окутуучусу
  4. Алымбаева А. К. - КР Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин жетектөөчү адиси

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө сыйлыктар төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү:

1-орун  - Айыл чарба азыктарын кайра иштетүү факультети - (лидер - Бурабаева Акжолтой);

2-орун  - Ветеринардык медицина жана биотехнология факультети - (лидер Таалайбек уулу Алтынбек)

3-орун - Инженердик-техникалык факультети - (лидер Мамытов Бекжан).

Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыктар да тапшырылды.     

Кароо-сынак концерттик программа менен коштолуп, массалык-маалымат каражаттары катышышты.

ЖAНЫЛЫКТАР
25.04.2015: 2015-жылдын 24-апрелинде КУАУ III Билим фестивалы болуп өттү.
 »


14.04.2015: 2015-жылдын 13-апрелинде КР Жогорку Кеӊештин депутаты К.О.Осмоналиев борборду (БАТБ) көрүп кетти.
 »


07.04.2015: 2015-жылдын 6-апрелинде КУАУда сүрөт-көргөзмөсү болуп өттү.
 »



ИНФОРМЕРЛЕР


Кыргызстандагы аба ырайы
 
Валюталардын курстары