Радиодебаттар 2011-2014

 

СТУДЕНТТИК ЧАКАН ДОЛБООРЛОР

 

«Студенденттик радио-дебат»

Студенттердин демилгеси менен «Мураскер» студенттик клубун түзүү. "Мураскер" студенттик клубунун максаты, милдети, клубка мүчөлүкө катталууга байланыштуу Жобо иштелип чыкты. Клубдун 2011-2012-жыл үчүн иш планы түзүлдү. "Мураскер" студенттик клубунун курамы түзүлуп, жетекчиси, жардамчылары жана катчысы шайланды.

Студенттик проекттерди ишке ашыруу. 2011-жылдын 30-сентябрында Биомаданий ар түрдүүлүк борборунун астындагы "Мураскер" студенттик клубунун демилгеси менен факультеттер аралык "Алтын Күз" улуттук тамак-аштардын кароо-сынак өткөрүлдү. Кароо-сынактын максаты кыргыз элинин элдик тамак-аштарын студент-жаштардын арасына жайылтуу болуп эсептелет.  Кароо-сынакта унутта калып бара жаткан "чөбөгө", "гүлазык", "бадырак", "жупка", "уй кымыз" сыяктуу кыргыздын улуттук тамак-аштары жаш муундардардын чоң кызыгуусун арттырды.

2011-жылдын  14-октябрынан баштап   Кыргызстандагы 20 жогорку окуу жайынын 2ден командаларынын (жалпы 40 команда) катышуусунда КРнын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги жана "Кыргыз радиосу" менен биргеликте  экинчи студенттик "Ой таймаш" радио-дебаты аттуу чакан долбоор ишке ашарылууда. Долбоордун максаты кыргыз элинин салттуу билимдери аркылуу жаштардын патриоттук аң-сезимин ойготуу, унутта калып бара жаткан адеп, нарк-насил, дөөлөт, мурас, жөрөлгө, каада-салтын жандандыруу болуп саналат.

Долбоордун катышуучулары: Бишкектеги 20 жогорку окуу жайынын экиден командалары (40 команда) катышат. Ар бир  командада төрттөн катышуучу болот. Уктурууга 3 эксперт катышып, дебаттын соңунда оюндун жыйынтыгын чыгарып берет. Андан тышкары түз эфирде угармандар кабыл алынат.

Радио-дебатка катышкан Бишкектеги жогорку окуу жайларынын командалары "Улуттук кубок" үчүн ат салышат. Жеңүүчүлөргө баш байгени Жаштар иштери боюнча министрлиги, калган 1-2-3-орунга берилүүчү сыйлыктар Кристенсен фондусунун финансылык колдоосу менен Кыргыз улуттук агрардык университетинин "Биомаданий ар түрдүүлүк" борбору тарабынан каржыланат.

Эфирге чыгуу ыкмасы: Түз эфир ар жуманын (пятница) күнү саат 14:00дөн 15:00гө чейин  болот.

Убактысы: 60 мүнөт

2012-жылдын 14-мартында үчүнчү "Манас" эпосу - кыргыз рухунун туу чокусу" аттуу студенттик чакан долбоор (факультеттер аралык кароо-сынак) ишке  ашырылды. Долбоордун максаты "Манас" эпосу аркылуу студенттерди мекенчилдикке, адеп-ахлактыкка, улуттук баалуулуктарды баалай билүүгө тарбиялоо  болуп саналат.

Кароо-сынак 3 номинацияда жүргүзүлдү:

  1. Манас айтуу;
  2. "Манас" эпосунан инсценировка;
  3. Монолог айтуу (эпостун негизинде)

2012-жылдын 20-мартында төртүнчү "Салт-санаа" аттуу студенттик чакан долбоор (факультеттер аралык кароо-сынак)  ишке ашырылды. Долбоордун максаты кыргыз элинин салттуу маданиятын жандандыруу жана каада-салттар аркылуу эстетикалык, рухий баалуулуктарды жаш муундарга жеткирүү.

2011-жылдын декабрынан баштап "Кыргыз элинин унутта калып бара жаткан "Тайган" породасындагы итти" илимий негизде изилдөө боюнча студенттик бешинчи, алтынчы чакан долбоору ишке ашырылууда. Изилдөөнүн жыйынтыгы Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлө турган Эл аралык биологиялык конгрессте (24-26-сентябрь, 2012-ж) көрсөтүлөт.

2012-жылдын 16-январынан 18-апрелине чейин "Кыргыз радиосунда" кыргыз элинин жылкы баласы боюнча салттуу билимдерине арналган "Көчмөндөр салты" аттуу 30 мүнөттүк 12 радио-передача даярдалды.

 

 

Галерея
ЖAНЫЛЫКТАР
25.04.2015: 2015-жылдын 24-апрелинде КУАУ III Билим фестивалы болуп өттү.
 »


14.04.2015: 2015-жылдын 13-апрелинде КР Жогорку Кеӊештин депутаты К.О.Осмоналиев борборду (БАТБ) көрүп кетти.
 »


07.04.2015: 2015-жылдын 6-апрелинде КУАУда сүрөт-көргөзмөсү болуп өттү.
 »



ИНФОРМЕРЛЕР


Кыргызстандагы аба ырайы
 
Валюталардын курстары