2015-жылдын 6-апрелинде КУАУда сүрөт-көргөзмөсү болуп өттү.

07.04.2015 2015-жылдын 6-апрелинде КУАУда сүрөт-көргөзмөсү болуп өттү.

 

 

          

2015-жылдын 6-апрелинде Кыргыз улуттук агарардык университетинин Биомаданий ар түрдүүлүгүк борборунун демилгеси менен даярдалып жаткан "Үй жаныбарларынын иллюстрациялуу анатомиялык  атлас-сөздүгүнүн" (кыргыз, орус, түрк, латын жана англис тилдеринде)  сүрөт-көргөзмөсү КУАУнун Анатомия жана физиология кафедрасында болуп өттү.

Сүрөт-көргөзмөгө Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана КУАУнун анатомия жана физиология кафедрасынын окумуштуулары катышты.

Сүрөт көргөзмөдө сүрөтчү Байдыралиев Бакыттын  малдын сөөктөрү боюнча тартылган сүрөттөрү көргөзмөгө коюлуп адистердин сынынан өттү.

Жыйынтыгында сөздүктүн талаптагыдай даярдалышы үчүн тармакка тиешелүү адистер өзүнө тиешелүү тапшырмаларды алып, 2015-жылдын октябрь айына чейин сөздүктүн алгачкы вариантын даярдоого макулдашышты.

Бул сөздүк салттуу билимге таянуу менен алгачкы жолу 5 тилде (кыргыз, орус, түрк, латын жана англис тилдеринде) чыгып жаткандыгы менен баалуу


Вернуться к списку
ЖAНЫЛЫКТАР
25.04.2015: 2015-жылдын 24-апрелинде КУАУ III Билим фестивалы болуп өттү.
 »


14.04.2015: 2015-жылдын 13-апрелинде КР Жогорку Кеӊештин депутаты К.О.Осмоналиев борборду (БАТБ) көрүп кетти.
 »


07.04.2015: 2015-жылдын 6-апрелинде КУАУда сүрөт-көргөзмөсү болуп өттү.
 »



ИНФОРМЕРЛЕР


Кыргызстандагы аба ырайы
 
Валюталардын курстары