2015-жылдын 24-апрелинде КУАУ III Билим фестивалы болуп өттү.

25.04.2015 2015-жылдын 24-апрелинде КУАУ III Билим фестивалы болуп өттү.

2015-жылдын 24-апрелинде К.И.Скрябин Кыргыз улуттук агрардык университетинде III Билим фестивалы болуп өттү.

Фестивалды өткөрүү демлигесин «Роза Отунбаеванын демилгелер» Фонду көтөрүп чыкса, ал эми Бишкек шаардык мэриясы жанан К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети иш-чараны уюштурду.

Фестивалдын максаты өспүрүм балдардын жана жаштардын экологиялык маданиятын көтөрүү болуп эсептелет.

Фестивалга Кыргыз улуттук агрардык университетинин Биомаданий ар түрдүүлүк борбору да активдүү катышып, салттуу билим боюнча борбордо даярдалган басылмаларын (китептер, окуу программа, чакан китепчелер ж.б.) көргөзмөгө коюшту.

Биомаданий ар түрдүүлүк борборуна мурдагы президент Роза Отунбаева, вице-премьер министр Дамира Ниязалиева, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, «Роза Отунбаеванын демилгелер» Фондунун директору Доктургүл Кендирбаева ж.б. келишип, борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.  Кыргыз улуттук университетине жана Кристенсен фондуна Биомаданий ар түрдүүлүк борборунун ишмердүүлүгүн колдогондугу үчүн тереӊ ыраазычылык билдирип, борбордун мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалашты. Роза Отунбаева кыргыз элинин салттуу билимдеринин илимий изилдөөгө  алынып, билим берүү процессине киргизилип жатканына ыраазы болуу менен борбордо даярдалган «Кыргыз элинин салттуу билимдеринин негиздери» аттуу окуу программасы жана окуу китебине өзгөчө токтолуп,  бүгүнкү күн үчүн бул иштер өтө актуалдуу экендигин баса белгиледи.

БАТБ КУАУ


Вернуться к списку
ЖAНЫЛЫКТАР
25.04.2015: 2015-жылдын 24-апрелинде КУАУ III Билим фестивалы болуп өттү.
 »


14.04.2015: 2015-жылдын 13-апрелинде КР Жогорку Кеӊештин депутаты К.О.Осмоналиев борборду (БАТБ) көрүп кетти.
 »


07.04.2015: 2015-жылдын 6-апрелинде КУАУда сүрөт-көргөзмөсү болуп өттү.
 »



ИНФОРМЕРЛЕР


Кыргызстандагы аба ырайы
 
Валюталардын курстары