Семинар, январь, 2012

Урматтуу кесиптештер!

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук университети Кристенсен фондунун (АКШ) финансылык колдоосу менен "Биомаданий ар түрдүүлүк борборун өнүктүрүү" долбоорунун алкагында 2012-жылдын 19-21-январында  «Салттуу билим боюнча дисциплина аралык курстун түзүлүшү жана аны окутуу методу» аттуу семинар "Ашуу" конок үйүндө (Чүй областы, Кемин району, Калмак-Ашуу айылы) өткөрүлгөн.

Семинардын максаты: Дисциплина аралык курстун темасын, түзүлүшүн, мазмунун жана окутуу методун талкуулоо, ошондой эле, салттуу билим боюнча силлабус иштеп чыгуу.

Семинардын катышуучулары: университеттердин окутуучулары, методисттер, Биомаданий ар түрдүүлүк борборунун кызматкерлери жана Кристенсен фондунан (АКШ) грант алуучулар.

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларды жол кире, тамак аш менен КУАУнун Биомаданий ар түрдүүлүк борбору камсыз кылган.

Байланышуу дареги: e-mail: bdc-knau.kg@mail.ru, cbd-knau.kg@rambler.ru

Сурап билүү телефондору: +(996 312) 54 41 35

 

Урматтоо менен,

Биомаданий ар түрдүүлүк борбору

___________________________________________

ЖAНЫЛЫКТАР
25.04.2015: 2015-жылдын 24-апрелинде КУАУ III Билим фестивалы болуп өттү.
 »


14.04.2015: 2015-жылдын 13-апрелинде КР Жогорку Кеӊештин депутаты К.О.Осмоналиев борборду (БАТБ) көрүп кетти.
 »


07.04.2015: 2015-жылдын 6-апрелинде КУАУда сүрөт-көргөзмөсү болуп өттү.
 »



ИНФОРМЕРЛЕР


Кыргызстандагы аба ырайы
 
Валюталардын курстары