Семинар, май, 2012

Урматтуу кесиптештер!

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук университетинин Биомаданий ар түрдүүлүк борбору 2012-жылдын 3-5-майында Кристенсен фондунун колдоосу менен "Кыргыз элинин салттуу билимдери" (окутуучулар үчүн Окуу колдонмо) деген темада семинар өткөрүлгөн.

Семинардын максаты: "Кыргыз элинин салттуу билимдери" аттуу дисциплина аралык курстун мазмунун, ошондой эле, окутуучулар үчүн "Кыргыз элинин салттуу билимдери" деген Окуу колдонмонун мазмунун жана түзүлүшүн (лекциялык жана практикалык сабактарды өтүүнүн методикасы) иштеп чыгуу.

Семинардын катышуучулары:  К.И.Скрябин атындагы КУАУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун, И.Арабаев атындагы КМУнун, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин, КЭУнун профессор-окутуучулары, Биомаданий ар түрдүүлүк борборунун кызматкерлери.

Байланышуу дареги:

e-mail: bdc-knau.kg@mail.ru

Сурап билүү телефону: +996(312) 54 41 35

Эскертүү:

- Семинардын жүрүшүндөгү бардык чыгымдарды уюштуруучу тарап көтөрөт.

- Семинар  Кристенсен Фондунун (АКШ) колдоосу менен өткөрүлөт.

- Семинардын өткөрүү орду тууралуу маалыматты кошумча кабарлайбыз.

 

Урматтоо менен,

Биомаданий ар түрдүүлүк борбору

-------------

 

ЖAНЫЛЫКТАР
25.04.2015: 2015-жылдын 24-апрелинде КУАУ III Билим фестивалы болуп өттү.
 »


14.04.2015: 2015-жылдын 13-апрелинде КР Жогорку Кеӊештин депутаты К.О.Осмоналиев борборду (БАТБ) көрүп кетти.
 »


07.04.2015: 2015-жылдын 6-апрелинде КУАУда сүрөт-көргөзмөсү болуп өттү.
 »



ИНФОРМЕРЛЕР


Кыргызстандагы аба ырайы
 
Валюталардын курстары