Семинар, октябрь, 2012

Урматтуу кесиптештер!

К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук университети Кристенсен фондунун (АКШ) финансылык колдоосу менен "Биомаданий ар түрдүүлүк борборун өнүктүрүү" долбоорунун алкагында 2012-жылдын 16-20-октябрында "Кыргыз элинин салттуу экологиялык билимдери" аттуу семинар өткөрүлгөн.

Семинардын максаты: Салттуу билим тууралуу ой бөлүшүү жана талкуулоо, ошондой эле, аларды чогултуу жана жандандыруу боюнча тажрыйба алмашуу

Семинардын катышуучулары: Кыргызстандагы ЖОЖдордун окутуучулары, салттуу билимдерди изилдөө жана жандандыруу менен алектенген  изилдөөчүлөр, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү, "Мураскер" студенттик клубу. 

Эл аралык эксперт: доктор Фикрет Беркес салттуу экологиялык билимдер боюнча белгилүү окумуштуу, Манитоба (Канада) университетинин "Ардактуу профессору".  Ал Эл аралык Жалпы Менчикти Изилдөө Ассоциациясынын президенти (1996-1998 г.г.), бир катар изилдөөчү топтордун жетекчиси болуп иштеген. Профессионалдык ишмердүүлүгүнүн  көпчүлүк бөлүгүн теория-практикалык аспектидеги изилдөөлөрдү башкарууга жана коомчулук менен иштешүүгө, ошодой эле, салттуу билимдерге арнаган.  Негизги иштери: "Сакралдык (ыйык) экология" (Routledge, 2008), "Навигациялык социо-экологиялык система" (CambridgeUPress, 2003) жана "Чакан балык чарбачылыгын башкаруу".

 

Урматтоо менен,

Биомаданий ар түрдүүлук борбору

 ______________________________________________________________

ЖAНЫЛЫКТАР
25.04.2015: 2015-жылдын 24-апрелинде КУАУ III Билим фестивалы болуп өттү.
 »


14.04.2015: 2015-жылдын 13-апрелинде КР Жогорку Кеӊештин депутаты К.О.Осмоналиев борборду (БАТБ) көрүп кетти.
 »


07.04.2015: 2015-жылдын 6-апрелинде КУАУда сүрөт-көргөзмөсү болуп өттү.
 »



ИНФОРМЕРЛЕР


Кыргызстандагы аба ырайы
 
Валюталардын курстары