Семинар, март-апрель, 2010

 

Урматтуу кесиптештер!

2010-жылдын 27-мартынан 1-апрелине чейин "КУАУда Биомаданий ар түрдүүлүк борборун түзүү" долбоорунун алкагында Ысык-Көл районунун Бает айылынын  "Ак марал" ден соолукту чыңдоо борборунда 30 жакын адамдардын катышуусунда "Салттуу билимдерди окутуунун жолдору жана методдору" аттуу Биомаданий ар түрдүүлүк борборунун көчмө семинары болду.  Семинарда Биомаданий ар түрдүүлүк борборунун  концепциясы, агробио ар түрдүүлүк боюнча салттуу билимдерди топтоонун жолдору жана методдору, аларды колдонууга сунуштар, ошондой эле, салттуу билимдердин элементтерин окуу системасына жайылтуу маселелери талкууланды.

Бул семинарды өткөрүү үчүн Кристенсен фондунун сунушу менен фаслитатор катары доктор Kyril Calsouasс (США) чакырылды.  

Семинарга  К.И. Скрябина атындагы КУАУнун ректору Кубатбеков Т.С., проректор Шергазиев У.А., Кристенсен Фондунун Борбордук Азия жана Турциядагы филиалынын директору Хамаганова Э.Ч.,  Кристенсен Фондунун Кыргызстан боюнча аймактык координатору, филиалдын менеджери Доолбекова Ж.Б.,  Эл аралык тренер доктор Крилл Калсойас,   Фредерик Ван Оуденховен (Италия),  «Айгине» маданий-изилдөө борбору, (Сейдахматова Ч.), «Айылды өнүктүрүү фонду» (Шапаков К., Акматова К.),  «Шоола» коомдук фонду  (Закиряева Н.), «Таалим Фоорум» коомдук фонду (Джумабава А.), манасчы-изилдөөчүлөр Бакчиев Т.,  КУАУнун окумуштуулар- Байтолоев Э.Б., Соодонбеков И.С., КР УИАдан манас таануучу Орозова Г.Ж., Бает орто мектебинин мугалимдери, андан тышкары Биомаданий ар түрдүүлүк борборунун изилдөөчүлөрү  жана фермерлер.

 

Урматтоо менен,

Биомаданий ар түрдүүлүк борбору

_________________________________________

ЖAНЫЛЫКТАР
25.04.2015: 2015-жылдын 24-апрелинде КУАУ III Билим фестивалы болуп өттү.
 »


14.04.2015: 2015-жылдын 13-апрелинде КР Жогорку Кеӊештин депутаты К.О.Осмоналиев борборду (БАТБ) көрүп кетти.
 »


07.04.2015: 2015-жылдын 6-апрелинде КУАУда сүрөт-көргөзмөсү болуп өттү.
 »



ИНФОРМЕРЛЕР


Кыргызстандагы аба ырайы
 
Валюталардын курстары