КӨРГӨЗМӨЛӨР

2010-жылдын 7-8-октябрда КУАУнун башкы имаратында Биомаданий ар түрдүүлүк борбору  агробиоартүрдүүлүк боюнча салттуу билимдердин сүрөт-галлереясынын көргөзмөсүн уюштурду.

Көргөзмөнүн максаты: агробиоартүрдүүлүк боюнча кыргыз элинин салттуу билимдерин өнүктүрүү жана долбоордун жыйынтыктарын жайылтуу. Көргөзмө Кристенсен фондунун (АКШ) грант алуучу партнёрлору Музейлерди колдоо борбору (АУЦА),  B Art,  RDF (Айылдарды өнүктүрүү фонду) менен биргеликте уюштурулду.

     Биомаданий ар түрдүүлүк борбору   талаа-изилдөө материалдарынын негизинде "Этноботаникалык өсүмдүктөр", "Элдик малчылык", "Жылкынын өңү-түсүнүн классификациясы", "Койдун куйругунун түрлөрү", "Койду устукандоо" "Устукандардын аталышы", "Салттуу билимдин тарыхынан", "Эски үй буюмдары"  аттуу 10 плакат жана салттуу  жашоо-тиричиликке байланыштуу үй буюмдары боюнча сүрөт-көргөзмөсүн даярдады. Ошондой эле, салттуу тамак-аштардын (өсүмдүктөрдөн, эт азыктарынан даярдалган тамак аштар), улуттук суусундуктардын көргөзмөсү болду.

Көргөзмөгө Биомаданий ар түрдүүлүк борборунун өнөктөштөрү  АУЦА (Музейлерди колдоо борбору) Нарын областы боюнча  изилдөө ишинин жыйынтыгын "Кыргыздардын салттуу маданияты"  деген темада (бардыгы 15 картина),   B Artтын жаш сүрөтчүлөрү "Кыргызстандын жаратылышы" деген темада  10 автордук ишин,    RDF (Айылдарды өнүктүрүү фонду) салттуу мал чарбачылыгын жүргүзүү аттуу плакаттары менен активдүү катышты.

 

БАТБ КУАУ


 

ЖAНЫЛЫКТАР
25.04.2015: 2015-жылдын 24-апрелинде КУАУ III Билим фестивалы болуп өттү.
 »


14.04.2015: 2015-жылдын 13-апрелинде КР Жогорку Кеӊештин депутаты К.О.Осмоналиев борборду (БАТБ) көрүп кетти.
 »


07.04.2015: 2015-жылдын 6-апрелинде КУАУда сүрөт-көргөзмөсү болуп өттү.
 »



ИНФОРМЕРЛЕР


Кыргызстандагы аба ырайы
 
Валюталардын курстары